Сузактагы мал базарда мушташ чыккан. 3 бир тууган сабалып, 6 кишиге издөө жарыяланды (видео)
Сузактын мал базарында болгон бейбаштыкка шектелген 6 жаранга издөө жарыяланды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.
Милицияга Кызыл-Туу айыл аймагынын 48 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Анда 3-февраль күнү саат 16:00 чамасында Сузак районунун Мундуз айылында жайгашкан мал базарда 2 бир тууганын жана өзүн, сырттан тааныш болгон жарандар сабашып, көзүнө таш менен уруп койгондугун билдирген. Натыйжада алар денелеринен алган жаракаттарынан улам Жалал-Абад облустук ооруканасына жаткырылган. Бул окуя боюнча топтолгон материалдар Сузак РИИБге катталып, кылмыш иши козголгон. Кылмыш иши боюнча 4-февралда Сузак районунун Таш-Булак айыл аймагынын тургуну кармалып, Сузак РИИБдин убактылуу кармоочу жайына бир айга киргизилген.
Милиция тарабынан бул окуяга шектелген 6 жарандын аты-жөнү такталган. Бирок алар жүргөн жерлерин жашырып, кайда экендиги белгисиз болуп жаткандыгына байланыштуу кылмыш ишине шектүүлөрдү табууга милиция коомчулуктан жардам сурайт. Кылмышка шектүүлөрдүн баары Сузак районунун Таш-Булак айыл аймагынын Чолок-Терек айылынын тургундары. Алар:
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="163956,163957,163958,163959,163960,163961"]
- Сариков Абдыкалык Абдулхакимович – 1984-жылы туулган;
- Сариков Ысабек Сатимкулович – 1985-жылы туулган;
- Сариков Батирбек Сатимкулович – 1989-жылы туулган;
- Ахматов Аскарбек Ахматович – 1990-жылы туулган;
- Сатимкул уулу Абдималик – 1994-жылы туулган;
- Алмаз уулу Марат – 1995-жылы туулган.