Abank
SerepTV Logo

Сузакта үйдө чыккан өрттү өчүрүүгө аракет кылган жаран ооруканага түштү

Сузакта үйдө чыккан өрттү өчүрүүгө аракет кылган жаран ооруканага түштү
Сузак районундагы Димитровка айылында үй өрттөндү. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.  Маалыматка караганда, жалпы аянты 168 чарчы метр болгон жыгач устундуу үйдүн чатыры толугу менен күйгөн.  1982-жылы туулган үй ээси өз алдынча өрттү өчүрөм деп үйдүн чатырынан кулап түшүп, Жалал-Абад облустук ооруканага жеткирилген. Кырсыктын кесепетинен сол буту кокустанган, абалы туруктуу. Өрттүн себеби такталууда.