Abank
SerepTV Logo

Сузакта сабалып, көз жумган окуучу. Мектеп жетекчилиги менен таякеси эмне дейт?

Сузакта сабалып, көз жумган окуучу. Мектеп жетекчилиги менен таякеси эмне дейт?
Сузакта сабалып, көз жумган 8-класстын окуучусу кечээ, 2-мартта жерге берилди. Ал үй-бүлөдөгү 5 бир туугандын экинчиси болчу. Айылдагы мектеп директору Даткайым Нуралиеванын айтымында, кылмышка шектелип жаткандардын экөөсү мектеп окуучусу. "Эски имарат бар. Ошол жакта болгон экен. 4 баланы күнөөлүү деп жатышат. Мен ал жакка бардым. Анын экөөсү биздин мектепти бүтүп кеткен окуучулар. Экөөсү биздин окуучу", - деди мектеп жетекчи. Ошондой эле маркумдун таякеси да ошол күндү эстеди. "Мага карындашым чалып, баласы эс-учун жоготкон абалда ооруканада жатканын айтты. Жетип келдим. Дарыгерлер жарым саат биринчи жардам көрсөтүштү. Жүрөгү сокпой калды дешти", - деди ал.
  • Милицияга Сузак районунун тургуну чалып, 1-март күнү саат 16:30 чамасында 2008-жылы туулган иниси болгон Сафаровка айылында жайгашкан Бөкөнбаев атындагы орто мектебинин 8-классынын окуучусу өзү окуган мектептин аймагында тааныш болгон балдар уруп денесине залал келтиришип, окуя болгон жерден качып кетишкендигин, ал эми окуучу Октябрь аймактык ооруканасына алып келгенде эсине келбей каза болгондугун билдирген.
  • Аталган факты боюнча Сузак РИИБдин тергөө кызматы тарабынан Жазык кодексинин 122-беренесинде (адам өлтүрүү) көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголгон.
  • Тергөөнүн жүрүшүндө, 1-март күнү саат 14:00 чамасында Сафаровка айылында жайгашкан эски мектептин имаратынын ичинде 10-класстын 4 окуучусу ошол эле мектептин 9-классынын 5 окуучусун бир катарга тизип алып “эмнеге түндө көчөгө чыкпай жатасыңар” деп колдору менен уруп жатышкан учурда, 2008-жылы туулган окуучу денесине келтирилген жарааттан улам жерге жыгылып, башы дубалдын кырына тийип жарылып, денесинен оор жарат алган жана окуя болгон жерде каза болгондугу такталган.
  • Кылмыш иши боюнча Сузак районунун тургундары 2006-жылы туулган Д.М., 2006-жылы туулган Ю.Ж., 2007-жылы туулган С.А. жана 2007-жылы туулган А.Ө. Сузак РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.