Сузакта жол кырсыгы катталып, 3 адам окуя болгон жерде каза болду
Сузакта жол кырсыгы катталып, 3 адам каза болду. Маалыматты СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Жалал-Абад облустук жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынан тастыкташты.
12-сентябрь күнү саат 16:45 чамасында Сузак айылы аркылуу өтүүчү Бишкек-Ош жолунун 565-чакырымында 1972-жылы туулган жаран өзүнө таандык болгон КамАЗ унаасы менен Жалал-Абад шаарын көздөй бара жатып, карама-каршы тилкеде келе жаткан 2000-жылы туулган жигиттин башкаруусундагы Мерседес-Бенц Спринтер унаасы менен сүзүшкөн. Кырсыктын кесепетинен эки унаанын айдоочусу, ошондой эле Мерседес-Бенц Спринтердин жүргүнчүсү 2001-жылы туулган жигит окуя болгон жерде көз жумду.