Royal
SerepTV Logo

Сузакта ага-ининин кичинекей балдарын ат басып калып, көз жумушту (видео)

Сузакта ага-ининин кичинекей балдарын ат басып калып, көз жумушту (видео)
Сузакта ага-ининин балдарын ат басып калды. Маалыматты СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Жалал-Абад ОИИБден тастыкташты. Маалыматка караганда, 5-ноябрда саат 16:00 чамасында Сузак районунун Барпы айыл аймагында 2010 жана 2014-жылы туулган балдар ат минип баратып, аты тайып жыгылып, балдарды басып калган. "Экөө тең алган жаракатынан каза болгон. Бирөөсү 2-класс, экинчиси 6-класстын окуучулары болгон. Балдардын аталары соттук-медициналык экспертизадан баш тартышкан. Аталары бир тууган болгон", - дешти облустук милициядан. Ал арада социалдык тармакта үрөй учурган окуянын видеосу тарады.