Royal
SerepTV Logo

Сузакта 18 жаштагы кыз өз атасы тарабынан зордукталып жүргөнүн айтып чыкты

Сузакта 18 жаштагы кыз өз атасы тарабынан зордукталып жүргөнүн айтып чыкты
Сузакта 18 жаштагы кыз өз атасы тарабынан зордукталганын айтып чыкты. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Жалал-Абад ОИИБден билдиришти. Сузак РИИБге 2004-жылы туулган кыз арыз менен кайрылып, 2022-жылдын болжол менен сентябрь айынын аягында үйүндө 1980-жылы туулган атасы зордуктап салганын билдирген. Бул факты Сузак РИИБге Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренеси (зордуктоо) менен катталып, кылмыш иши козголуп, тиешелүү экспертизалар дайындалган. Окуяга шектүү катары Сузак районунун тургуну кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Азыркы учурда тергөө амалдары жүрүүдө.