Royal
SerepTV Logo

"Сууктан каза болушу мүмкүн". Ленин чокусунда 2 адам көз жумду

"Сууктан каза болушу мүмкүн". Ленин чокусунда 2 адам көз жумду
Ленин чокусунда 38 жаштагы Орусиянын жараны жана 41 жаштагы жаран көз жумду. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Ош ОИИБден билдиришти. Маалыматка караганда, 28-август күнү Чоң-Алай РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө кабар келип түшкөн, анда Кашка-Суу айыл аймагына караштуу Ленин чокусунун деңиз деңгээлинен 6100 метр бийиктикте Орусиянын 1984-жылы туулган жараны жана 1981-жылы туулган жаран каза болгондугу боюнча кабар келип түшкөн. Аталган маалымат Чоң-Алай РИИБдин электрондук журналына катталып, тергөө иштери башталган. Алдын ала маалыматтар боюнча алар сууктан каза болгон деген маалыматтар айтылууда. Азыркы учурда Чоң-Алай РИИБдин ыкчам-тергөө тобу тарабынан жансыз денелерди алып түшүү иштери жүргүзүлүп жатат.