Abank
SerepTV Logo

SuperTV телеканалынын кабарчысынын сабалышы боюнча экинчи шектүү кармалды

SuperTV телеканалынын кабарчысынын сабалышы боюнча экинчи шектүү кармалды
SuperTV телеканалынын кабарчысы Бактурсун Жоробековдун сабалышы боюнча экинчи шектүү кармалды. Бул тууралуу Ленин РИИБден билдиришти. 27-октябрда журналист белгисиз адамдарга карата чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган. Анда 26-октябрда саат 23:00 чамасында борбор калаанын көчөлөрүнүн биринен физикалык күч колдонуп, ачык түрдө 10 миң сомдук “Самсунг галакси J2” уюлдук телефонун жана 3 миң 500 сом өлчөмүндөгү накталай акчасы бар капчыгын тартып алышып, белгисиз тарапка качып кетишкенин айткан. Аталган факты Ленин РИИБге катталып, 206-берене (каракчылык) менен кылмыш иши козголгон. 24-ноябрда кылмышка шектелип, 2000-жылы туулган жаран кармалып, Ленин РИИБдин Тергөө кызматына жеткирилген. Андан соң камакка алынды. Соттун чечими менен Бишкек шаарынын СИЗО-1 абагына бир айга камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын тандаган. Ал эми экинчи шектүү да 2000-жылы туулган жаран экени аныкталды. Ал Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Ленин райондук соту менен 18-декабарга чейин камакка алынды. Тергөө уланууда. 26-октябрда Бишкекте SuperTV телеканалынын кабарчысы сабалган. Кол салуу анын кесиптик ишмердүүлүгүнө байланыштуу болушу мүмкүндүгүн жазганбыз. Ал ошол эле күнү кечинде ден соолугуна байланыштуу ооруканага жаткырылган. 9-ноябрда ооруканадан чыккан.