Royal
SerepTV Logo

SuperTV телеканалынын кабарчысынын сабалышы боюнча 22 жаштагы жигит кармалган, экинчиси изделип жатат

SuperTV телеканалынын кабарчысынын сабалышы боюнча 22 жаштагы жигит кармалган, экинчиси изделип жатат
Милиция SuperTV телеканалынын кабарчысы Бактурсун Жоробековду ур-токмокко алып, тоноп кеткен шектүүнү кармаганын билдиришти. 27-октябрда журналист белгисиз адамдарга карата чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган. Анда 26-октябрда саат 23:00 чамасында борбор калаанын көчөлөрүнүн биринен физикалык күч колдонуп, ачык түрдө 10 миң сомдук “Самсунг галакси J2” уюлдук телефонун жана 3 миң 500 сом өлчөмүндөгү накталай акчасы бар капчыгын тартып алышып, белгисиз тарапка качып кетишкенин айткан. Аталган факты Ленин РИИБге катталып, 206-берене (каракчылык) менен кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектелип, 2000-жылы туулган жаран кармалып, Ленин РИИБдин Тергөө кызматына жеткирилген. Андан соң камакка алынды. Соттун чечими менен Бишкек шаарынын СИЗО-1 абагына бир айга камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын тандалды. Учурда милиция кызматкерлери тарабынан экинчи шектүүнүн дарегин аныктоо жана кармоо боюнча ыкчам-иликтөө жана издөө иш-чаралары улантылууда. 26-октябрда Бишкекте SuperTV телеканалынын кабарчысы сабалган. Кол салуу анын кесиптик ишмердүүлүгүнө байланыштуу болушу мүмкүндүгүн жазганбыз. 27-октябрда ал Ленин РИИБге арыз менен кайрылган. Милиция шектүүлөрдү издеп баштаган. Ал ошол эле күнү кечинде ден соолугуна байланыштуу ооруканага жаткырылган. 9-ноябрда ооруканадан чыккан.
 
Посмотреть эту публикацию в Instagram
 

Публикация от УВД Ленинского района г.Бишкек (@uvdleninsky312)