Royal
SerepTV Logo

Сот Болот Темировду эки берене боюнча актап, документтерди жасалмалоо боюнча күнөөлүү деп тапты

Сот Болот Темировду эки берене боюнча актап, документтерди жасалмалоо боюнча күнөөлүү деп тапты

Бишкектин Свердлов райондук соту бүгүн, 28-сентябрда журналист Болот Темировдун иши боюнча чечим чыгарды. Өкүмдү судья Акылбек Адимов окуп, соттук отурум анын төрагалыгы алдында өттү.

Судья Алимов Темировду Кылмыш-жаза кодексинин төмөнкү беренелери боюнча кылмыштын курамынын жоктугуна байланыштуу актады:

- Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренесинин 1-бөлүгү (баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатын көздөбөстөн мыйзамсыз даярдоо);

- Кылмыш-жаза кодексинин 378-беренеси (мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү).

Ал эми Кылмыш-жаза кодексинин 379-беренесине (документтерди жасалмалоо) ылайык, күнөөлүү деп табылып, эскирүү мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу жаза колдонулган жок.