Abank
SerepTV Logo

Сот Бишкекте чет өлкөлүк жаранды пранкка салган ТикТокчуга айып салды

Сот Бишкекте чет өлкөлүк жаранды пранкка салган ТикТокчуга айып салды
Буга чейин социалдык тармактарда жер алдындагы өтмөктө жаранды пранкка салган блогердин видеосу тараган. Пранкер милицияга жеткирилип, кечирим сураган. Бүгүн, 2-мартта СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине пранкерге сот айып салганы маалым болду. "Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун 1-мартындагы токтомуна ылайык, Укук бузуулар жөнүндө Кодексинин 126-беренесинде көрсөтүлгөн укук бузууну жасоодо күнөөлүү деп табылып, ал боюнча мамлекеттин эсебине 55 эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө, башкача айтканда 5 миң 500 сом айып салынды", - деп айтылат маалыматта.