Abank
SerepTV Logo

Сокулукта кызын зордуктоого шектелип атасы кармалды

Сокулукта кызын зордуктоого шектелип атасы кармалды
Сокулукта өз кызын зордуктоого шектелген жаран кармалды. Маалыматты СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Чүй ОИИБден тастыкташты. 24-декабрда Сокулук РИИБге 1987-жылы туулган аял киши кайрылып, 1980-жылы туулган күйөөсүнө чара көрүүнү суранган. Анда 23-декабрда анын Күн-Туу айылындагы үйдө 2009-жылы туулган кызы менен жыныстык катнашта болгону жазылган. Аталган факты боюнча кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектелип, 1980-жылы туулган жаран кармалып, камакка алынган.