Сокулукта 40 жаштагы аялдын сырдуу өлүмү. Жакындары анын сууга чөгүп кеткенин айтышкан
Кечээ, 21-сентябрь күнү ӨКМге Ак-Ордо конушунун Кетмен-Тоо көчөсүндөгү көлмөгө 1982-жылы туулган аял чөгүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. Ал жерге куткаруучулар тартылып, издөө иштерин жүргүзүшкөн. Бирок аялдын сууга чөкпөгөндүгү аныкталып, издөө иштери токтотулган.
Окуяны тактоо үчүн СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги ӨКМге кайрылганда, министрликке аялдын туугандары анын дайынсыз болуп жатканын айтып, суудан карап берүүнү суранышканын, бирок издөө жүрүп жатканда туугандары аялдын жансыз денеси табылганын айтышып, издөөнү токтотушкан. "Эмне болуп каза болгону бизге белгисиз", - дешти. Окуя боюнча Чүй ОИИБге кайрылганыбызда, толук маалымат берилерин айтышты.