Abank
SerepTV Logo

«Полит Узник» баракчасынын администратору камакта калтырылды

«Полит Узник» баракчасынын администратору камакта калтырылды
Фейсбуктагы  «Полит Узник» баракчасынын администратору Ырыс Жекшеналиев камакта калтырылды. Анын бөгөт чарасы бүгүн Биринчи Май райондук сотунда каралды. Ал соттун чечими менен 2 айга камакта калтырылды. Активист 14-августта УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин Жетим-Тоо боюнча архивдик видео кайрылуусун Фейсбукка жарыяланганына байланыштуу суракка чакырылган. 19 жаштагы Ырыс Жекшеналиевге карата Кылмыш-процессуалдык кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүгү (бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына активдүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандык уюштурууга чакыруу) менен кылмыш иши козголгон.