Abank
SerepTV Logo

Өзүн Аламүдүн сотунун кызматкери катары көрсөткөн жактоочунун жардамчысы кармалды

Өзүн Аламүдүн сотунун кызматкери катары көрсөткөн жактоочунун жардамчысы кармалды
Пара алып жаткан жеринен жактоочунун жардамчысы кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. УКМК Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгү (опузалап пара талап кылуу) менен козголгон сотко чейинки өндүрүштүн материалдарынын алкагында, 1-мартта жактоочунун жардамчысы кармалды. Кармалган адам сот имаратында жүргөндө өзүн Аламүдүн сотунун кызматкери катары көрсөтүп, соттук териштирүүнүн мөөнөттөрүн тездетүү боюнча кызматтарды сунуштаган. 1-мартта Аламүдүн сотунун имаратынын жанынан тергөө-ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө пара катары акча алуу процессинде адвокаттын жардамчысы кармалды. Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.