Өзгөндөгү жол кырсыкта 4 жигит унаага кыпчылып калды
Өзгөндө жол кырсыгы катталып, 4 киши жаракат алды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка караганда, кырсык Бишкек-Ош унаа жолунун 610-чакырымында Өзгөн шаарында катталган. Тойота Камри жана Мерседес-Бенц унаалар сүзүшкөн. Кырсыктын кесепетинен 4 эркек киши жаракат алган.
Алар:
- 2002-жылы туулган Ж.А;
- 1999-жылы туулган К. уулу Б;
- 2000-жылы туулган А.Б;
- 1994-жылы туулган Т.Н.