Өзгөндө 9 жаштагы кыздын зордукталышы. Кылмышка шектүү өспүрүм камакта калтырылды
Буга чейин Ош ОИИБ маалымат берип, Өзгөндө 9 жаштагы кыз зордукталганын тастыкташкан.
- 14-мартта милицияга Өзгөн районунун тургуну арыз менен кайрылган. Анда анын кызы зордукталгандыгын билдирген. Аталган факты катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 155-беренеси менен кылмыш иши козголгон. Ал эми жабырлануучуга карата соттук-медициналык экспертиза дайындалган.