Өзгөндө 9 жаштагы кыздын зордукталышы. Кылмышка шектелип 16 жаштагы өспүрүм кармалды
Өзгөндө 9 жаштагы кыз зордукталган. Маалыматты СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Ош ОИИБден тастыкташкан.
- 14-мартта Өзгөн РИИБге Өзгөн районунун тургуну арыз менен кайрылган. Анда анын кызы зордукталгандыгын билдирген. Аталган факты РИИБдин кылмыштардын бирдиктүү реестирине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 155-беренеси менен катталды. Ал эми жабырлануучуга карата соттук-медициналык экспертиза дайындалган.