Өздөрүн жол тескөөчү катары көрсөтүп, жолдогу унааларды тосуп жаткан жигиттердин аты-жөнү такталды
Видеодогу жол тескөөчүлөрдүн формасын кийген 26 жаштагы А.Т. жана 18 жаштагы А. у К. ИИМдин кызматкери эмес. Бул тууралуу ИИМдин жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынан билдиришти.
"Бул факты боюнча ИИМдин Ички иликтөө кызматы тарабынан кызматтык иликтөө жүрүп жатат, анын жыйынтыгы боюнча кенен маалымат беребиз",- дешти.
Социалдык тармактарды өздөрүн жол тескөөчү катары көрсөтүп, жолдогу унааларды тосуп жаткан жигиттердин видеосу тараган.