Abank
SerepTV Logo

Оштогу түрмөдө көз жумган жаран. Анын жакындары денесинен көгала тактарды көрүшкөнүн айтты

Оштогу түрмөдө көз жумган жаран. Анын жакындары денесинен көгала тактарды көрүшкөнүн айтты

Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбор 24-августта Ош шаарындагы СИЗОдо катталган адам өлүмү боюнча прокуратурага кайрылган. Бул тууралуу аталган борбордон билдиришти. 

Маркумдун агасы Курстанбек Запаров Кыйноолорду алдын алуу боюнча борборго кайрылып, ИИМдин жана СИЗО-5тин кызматкерлери ушул жылдын 23-августунда тергөөгө алынган адамдын жакындарына анын кармалганы боюнча да, которулгандыгы тууралуу да маалымат беришкен эмес деп билдирген. Эртеси, 24-августта анын каза болгондугу тууралуу жакындарына айтышкан. Аны акыркы сапарга узатуу күнүндө анын денесинен көгала тактарды көрүшкөн. Ал сүрөт жана видеону аталган борборго беришкен.

24-августта жазаларды аткаруу кызматынын Оштогу №25 мекемесинде уурулукка айыпталган жаран каза болгон. Ал убактылуу кармоочу жайдан СИЗО-5ке которулуп, №25 мекеменин карантиндик камерага киргизилген болчу.