SerepTV Logo

Ошто унаа сууга түшүп кеткен. Айдоочу чыгып, жүргүнчү дайынсыз болуп жатат

Ошто унаа сууга түшүп кеткен. Айдоочу чыгып, жүргүнчү дайынсыз болуп жатат
Ош облусунун Кара-Кулжа районунда УАЗ үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай, жолдон чыгып, сууга түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.  Кырсыктын кесепетинен айдоочунун жанындагы 1999-жылы туулган жаран унаадан чыга албай калып калган, ал эми айдоочу 1997-жылы туулган жаран өз алдынча чыгып кетүүгө үлгүргөн. Жерине издөө иштерин жүргүзүү максатында райондук ӨК бөлүмүнөн 23 куткаруучу, ИИМден 6 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 50 адам тартылып, кеч киргендигине байланыштуу иш-чаралар убактылуу токтотулган. Натыйжа болгон эмес. 28-апрель күнү издөө иш-чаралары улантылат. [gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="177121,177122,177123"]