Ошто студент кыздын өлтүрүлүп, үйдүн жанына көмүлүшү. Жогорку Сот өмүр бою эркинен ажыраткан чечимди күчүндө калтырды
Өткөн жылдын январь айында Ошто дайынсыз болуп жаткан 4-курстун студентинин жансыз денеси табылган. Ал киши колдуу болгон.
Ош шаарына караштуу Кеңеш айылынын тургуну арыз менен кайрылып, анын 2000-жылы туулган кызы 30-январь күнү үйдөн окууга кеткен бойдон дайынсыз болуп жатканын билдирген. 8-февралда Ноокат районунун 1998-жылы туулган тургуну — ОшМУнун 4-курсунун студенти качып жүргөн жеринен кармалып, Ош ШИИБдин Тергөө кызматына жеткирилген.
- “30-январда саат 10:00 чамасында сүйлөшүп жүргөн кызым менен жолугуп, аны менен өзүм жашаган үйгө келдик. Анан ошол жерде экөөбүз сүйлөшүп отуруп, чырдашып, урушуп кеттик. Ошондо менин ачуум келип, аны үйдөгү аш бычак менен сайгылап өлтүрүп салдым. Андан соң анын өлүгүн үйдүн жанына көмүп, кышкы кийимдерин, сумкасын сыртта жайгашкан дааратканага ыргытып жибердим. Ошол күнү окууга бардым да, эртеси күнү Өзбекстандын аймагына өтүп, ошол жактан Орусияга учуп кеттим”, — деген шектүү.