Abank
SerepTV Logo

Ошто подъездде кичинекей кыз зордукталганы айтылган аудионун тарашы. Шектүү кармалды

Ошто подъездде кичинекей кыз зордукталганы айтылган аудионун тарашы. Шектүү кармалды
Социалдык тармактарда Ош шаарында 8 жаштагы кыздын подъездде зордукталганы тууралуу маалымат тарады. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Ош ШИИБден кылмышка шектүү кармалганын билдиришти. Маалыматка караганда, окуя боюнча милицияга арыз 13-октябрда түшкөн. Анда кичинекей кыздын зордукталганы айтылган. Факты каттоого алынып, шектүүнү издөө башталган. Бүгүн, 17-октябрда шектүү кармалып, ага Жазык кодексинин 155-беренеси менен кылмыш иши козголду.