Royal
SerepTV Logo

Ошто мурда бир нече жолу соттолгон жаран баңгизат менен кармалды

Ошто мурда бир нече жолу соттолгон жаран баңгизат менен кармалды
Ош облусунда бир нече жолу соттолгон жаран баңгизат менен кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти. 20-январь күнү Кара-Суу РИИБдин кызматкерлери тарабынан Кара-Суу районунун аймагында жаран баңгизатты колдонуп жана сактап жүргөндүгү туурасында маалымат түшкөн. Бул маалымат электрондук журналга катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренесинин 1-бөлүмүндө (баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатысыз мыйзамсыз даярдоо) каралган кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголгон. Тергөө аракеттеринин жүрүшүндө 33 жаштагы Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айыл аймагынын тургуну экени аныкталган. 21-январда Чоң-Алай районунун Шиман жайлоосунда изин жашырып жүргөн жеринен кармалып, жанынан кескин жыты бар заттар табылып алынган. Тергөө мезгилинде дайындалган соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык жанынан чыккан кагазга оролгон заттын таза салмагы 0,383 миллиграмм канабис чайыры – гашиш, ал эми курткасынын чөнтөгүнөн алынган зат 28,655 грамм кургатылган марихуана экендиги аныкталды. [gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="159782,159783,159784,159785"]