Ошто курал жана ок-дарылар сакталган жай табылды (сүрөт)
Ош облусунда курал-жарак жана ок-дарылар сакталган жай табылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
10-март күнү Ош шаарынын Амир-Тимур кичи районунун түштүк тарабында курал-жарак жана ок-дарылардын жашыруун жайы табылды. Анда желим баштыктан “Револьвер” үлгүсүндөгү тапанча 1 даана (8мм), италиялык өндүрүштөгү тапанча -1 даана (8 мм), чет элдик өндүрүштөгү тапанча - 1 даана, (9 мм), граната Ф1 - 1 даана, детонатор капсуласы - 1 даана, АК-74-1 маркасындагы магазин, 9мм, 7,62мм жана 5,45мм калибрлүү ок-дарылар - 61 даана, (ЛПС 7,62 мм), мээлейлер, маскалар табылган.
Ок атуучу куралдардын жана ок-дарылардын табылуу фактысы боюнча УКМК тарабынан тиешелүү экспертизалар дайындалды. Учурда курал-жарактардын жана ок-дарылардын ээлерин аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="168351,168352,168353,168354"]