Royal
SerepTV Logo

Ошто жаш кыз мойнундагы алтын чынжырчасын жулдуртуп ийген. Шектүү кармалды

Ошто жаш кыз мойнундагы алтын чынжырчасын жулдуртуп ийген. Шектүү кармалды
Кыздын мойнунан алтын чынжырчасын жулуп, изин жашырган жаран кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБден билдиришти. 10-сентябрь күнү кечинде Ош шаарынын 2000-жылы туулган тургуну мойнундагы алтын чынжырчасын жулдуруп ийген. Кылмышка шектүү катары Жалал-Абад облусунун Аксы районунан Ош шаарына келген, убактылуу ар кайсы батирде жашап жүргөн, 1984-жылы туулган жаран кармалды. Аны кармаган учурда, уурдап качкан алтын чынжырча анын чөнтөгүндө болуп, сатууга үлгүрбөй калгандыгы аныкталган. Буюм ээсине кайтарылды. 12-сентябрь күнү Ош шаардык соту тарабынан шектүүнү тергөө аяктаганга чейин, 2 ай абакта кармоого санкция берилген.