Royal
SerepTV Logo

Ошто арматура менен сабалып киши өлтүрүлүшү. Дагы эки шектүүгө издөө жарыяланды

Ошто арматура менен сабалып киши өлтүрүлүшү. Дагы эки шектүүгө издөө жарыяланды
Ош шаардык ички иштер башкармалыгы тарабынан 13-январда болгон адам өлтүрүү фактысы боюнча дагы эки адамга бул кылмышка шектүү катары издөө жарыяланды. Бул тууралуу милициядан маалымдашты.
Алар:
1. Чубаков Нурбек, 1991-жылы туулган, Өзгөн районунун тургуну;
2. Абдивали уулу Актилек, 1992-жылы туулган, Өзгөн районунун тургуну.
Бул окуяга байланыштуу кечээ, 13-январда бул өзгөчө оор кылмыштын уюштуруучусу, кылмыш чөйрөсүндө Женго деген каймана ат менен таанымал болгон, Кадыр Досонов кармалып, 3 адамга издөө жарыяланган эле.