Ошто 7 жаштагы баланы сүзүп, изин жашырган айдоочу кармалды (видео)
Ошто 7 жаштагы баланы сүзүп, качып кеткен 66 жаштагы айдоочу кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
Маалыматка караганда, кырсык 6-октябрь күнү 18:30да Ош шаарындагы Курманжан Датка көчөсүндө катталган. Айдоочунун жүргөн жерин Милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлери аныктап, кармап, ишти Ош ШИИБдин Тергөө бөлүмүнө өткөрүп беришкен.
Текшерүү иштеринин жүрүшүндө Ош шаарынын Курманжан Датка көчөсүнүн аталган көчөдөгү үйлөрдүн биринин тургуну 2015-жылы туулган баланы Мерседес-Бенц унаасы койдуруп, окуя болгон жерден изин жашырып кеткен. Кырсыктын кесепетинен денесинен жараат алган бала Ош облустук бириккен клиникалык балдар ооруканасына жаткырылган.
Бул факты боюнча Ош ШИИБдин милциянын кайгуул кызматынын издөө бөлүмчөсү автоунаанын жүргөн жерин аныктап, таап, тергөө кызматына өткөрүп берген.