SerepTV Logo

Ош окуясынын уюштуруучуларынын бири катары издөөдө жүргөн Караматхон Абдуллаева кармалды

Ош окуясынын уюштуруучуларынын бири катары издөөдө жүргөн Караматхон Абдуллаева кармалды
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин жана Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлеринин биргелешкен ыкчам иш аракеттеринин натыйжасында, 22-апрелде мурда издөөдө жүргөн Караматхон Абдуллаева кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБден билдиришти.
Сырттан соттолгон Абдуллаева Ош ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Ал 2010-жылдагы Ош окуяларынын уюштуруучуларынын бири катары издөөдө болгон. 2014-жылы сырттан 16 жылга соттолгон.