Abank
SerepTV Logo

Ош-Бишкек жолунда сабалган жаран милицияга кайрылган. Шектүү кармалды

Ош-Бишкек жолунда сабалган жаран милицияга кайрылган. Шектүү кармалды
Жалал-Абад облустук милициясы тарабынан мурда бир нече жолу соттолгон жаран кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти. Милицияга жаран арыз менен кайрылып, 21-февраль күнү саат 21:30 чамасында Сузак районунун аймагынан өткөн Ош-Бишкек жолундагы айлампада Эдик аттуу адам шериктери менен бети-башына уруп, денесине жаракат келтиргендигин билдирген. Бул факты Сузак РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (бейбаштык) менен катталып, кылмыш иши козголгон. Жалал-Абад ОИИБдин Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин натыйжасында окуяга шектүү катары мурда бир нече жолу соттолгон Ноокен районунун Шайдан айыл аймагынын 1988-жылы туулган тургуну кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.