Royal
SerepTV Logo

"Орусиядан чогуу келишкен". Орусиянын жаранын өлтүрүүгө шектелгендер Бишкектен кармалды

"Орусиядан чогуу келишкен". Орусиянын жаранын өлтүрүүгө шектелгендер Бишкектен кармалды
Орусиянын жаранын өлтүрүүгө шектелгендер Бишкектен кармалды. Алар буга чейин издөөгө алынган. Бул тууралуу ИИМден билдиришти. 20-июнда саат 11:00 чамасында Токтогул РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө арыкта киши колдуу болгон европа түспөлүндөгү адамдын жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Бул факты боюнча Токтогул РИИБи тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин (адам өлтүрүү) негизинде кылмыш иш козголгон. Кылмышка шектелип, 32 жана 24 жаштагы жарандар кармалды. Ыкчам иш-чаранын жүрүшүндө каза болгон адамдын аты-жөнү такталып, ал 44 жаштагы жаран болуп чыккан. Алдын ала маалыматтар боюнча, 2022-жылдын июнь айында жаран өзүнүн унаасы менен шектүүлөр менен биргеликте Орусиянын аймагынан чыгып кетишкен. Алар Кыргызстанга келгенден кийин Орусиянын жаранын өлтүрүлүп, унаасын уурдап кетишкен. Ыкчам кызматкерлер унааны табышты. [gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="151486,151487,151488"]