Royal
SerepTV Logo

Орусиядагы 16 адамдын өмүрүн алган жол кырсык. Ооруканада оор абалда жаткан үчөө Кыргыз жарандары

Орусиядагы 16 адамдын өмүрүн алган жол кырсык. Ооруканада оор абалда жаткан үчөө Кыргыз жарандары

Акыйкатчы Атыр Абдрахматова соцтармактагы баракчасына Орусиядагы жол кырсык тууралуу маалымат алганын айтты.

"Азырынча так маалымат төмөндөгүчө: кайтыш болгон 14 киши Кыргыз жараны, экөө Орус жараны (бирөө Спринтердин, бирөө Фуранын айдоочусу). Үч Кыргыз жараны оор абалда ооруканада. Жакындары менен байланыштабыз. Эскертүү: Акыйкатчы же бизде иштеген аппарат, сырттагы кызматташкан жигердүү жарандарыбыз, элчиликтин же кайсы бир министрликтин, прокуратура, соттун ордуна иш кыла албайт. Улам-улам каттоо тууралуу укуктук талдоо жүргүзүп жатабыз. Сунушубузду Жогорку Кеңешке беребиз", - деп жазды ал.