Abank
SerepTV Logo

Орусиядагы 16 адамдын өмүрүн алган жол кырсык. Жабыркагандардын бири ооруканадан чыкты

Орусиядагы 16 адамдын өмүрүн алган жол кырсык. Жабыркагандардын бири ооруканадан чыкты
Орусиядагы 16 адамдын өмүрүн алган жол кырсыкта жаракат алып, ооруканага жаткырылган 3 жарандын бирөөсү ооруканадан чыгарылды. Бул тууралуу элчиликтен билдиришти. Маалыматка караганда, ал кечээ, 5-сентябрда ооруканадан чыккан. Ал эми дагы экөө дарылануусун улантып жатышат. 21-август күнү Орусиянын Ульянов облусунда орун алган жол кырсыгынан жалпы 16 адам каза таап, анын 14ү Кыргыз жараны экени такталган. Маркумдардын сөөгү 23-августта алып келинген. Ошондой эле 3 Кыргыз жараны жаракат алып, жергиликтүү бейтапканага жеткирилген.