SerepTV Logo

Орусияда кыргызстандык 60 миллион рубль акчасынан кол жууду

Орусияда кыргызстандык 60 миллион рубль акчасынан кол жууду
Орусияда 32 жаштагы кыргызстандык алдамчылардын кылтагына илинип калган. Бул тууралуу Mash Телеграм-каналы жазды. Кыргыз жараны шым, баш кийим, барсетка сатып акча таап, 60 миллион рубль чогултуп, аны швейцариялык франкка, андан ары криптавалютага алмаштырмакчы болгон. Социалдык тармактан "акча алмаштыруучу жай" таап, айтылган дарекке барган. Ал жакка барып, акчаны кассирге тапшырган. Бирок ал эсептөөчү машинанын бузулуп калганын айтып, арткы бөлмөгө кирип кеткен. Акча алмаштырууга келген адам аны күтүп турган, бирок кийин ал алданып калганын түшүнүп, укук коргоо органдарына кайрылган.