Орто-Сай айылында жайгашкан "Вилла В" ресторанынан өрт чыкты
Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районунун Орто-Сай айылында жайгашкан "Вилла В" ресторанынан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен маалымдашты.
Өрттү өчүрүүгө ӨКМден саат 11:10дон тарта жалпы 3 бөлүм тартылган. Кошумча 11:18де Штаб, 11:23тө Биринчи май райондук АКӨБдан суу ташуучу унаа, 11:45те ККББнан атайын унаа менен Ыкчам топ тартылган. Тилсиз жоо саат 12:05де чектөөгө алынып, учурда толук өчүрүү иши жүрүүдө.
Маалыматка ылайык жабыркагандар жок.
[gallery link="file" columns="1" size="large" jnewsslider="true" ids="155059,155060,155061,155062"]