"Ордуна таш жана бетон салып койгон". Бишкекте милиция кызматкери 33 килограмм баңгизат уурдоого шектелүүдө
Биринчи Май райондук прокуратурасы тарабынан Бишкек ШИИБдин сактоочу жайында кылмыш иши боюнча далил катары табылган 33 килограмм 850 граммды түзгөн “каннабис чайыры” баңги заты уурдалгандыгы аныкталды.
Аталган факты боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгынын буюм далилдеринин сакталышы үчүн жооптуу кызмат адамы, милициянын старшинасы кармалган. Ал буюм далил катары табылган баңги затын уурдап алып, өзүнүн жасаган кылмышын жаап-жашыруу максатында баңгизаттын ордун толуктоо үчүн башка төмөн сапаттагы 23 килограмм 624 грамм салмакты түзгөн баңги заты менен алмаштырып, калган жетпей калган баңгизаттын ордуна таш жана бетондун калдыктарын салып койгон.
Тергөөнүн жыйынтыгы менен милициянын старшинасына карата Кылмыш-жаза кодексинин 286-беренесинин (баңгизат каражаттарын же психотроптук заттарды уурдоо же болбосо опузалап алып коюу) жана 283-беренесинин (баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатысыз мыйзамсыз даярдоо) негизинде айыбы угузулуп, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотуна кароо үчүн жиберилди.