Royal
SerepTV Logo

"Өлтүрөбүз деп коркуткан". Орусияда мекендештерин уурдап, акча талап кылууга шектелип жарандар кармалды

"Өлтүрөбүз деп коркуткан". Орусияда мекендештерин уурдап, акча талап кылууга шектелип жарандар кармалды
Мекендештерин уурдап, опуза талап кылган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти. Маалыматка караганда, Орусияда адамдарды уурдоо жана опуза талап кылуу менен алектенген Кыргыз жарандарынан турган уюшкан кылмыштуу топ куралсыздандырылган. 11-январда саат 02:00 чамасында Москва шаарынын аймагынан төрт белгисиз адам Кыргыз жаранын унаага отургузуп, сабашып, акча каражатын жана башка буюмдарын тартып алышкан. Андан соң, өлтүрөбүз деп коркутушуп, 100 миң рубль өлчөмүндөгү акча каражатын берүүнү талап кылышкан. Бул факты Орусиянын тергөө бөлүмүндө катталган. Факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 126-беренесинин 2-бөлүмү (адам уурдоо) жана 163-беренесинин 2-бөлүмү (опузалап талап кылуу) менен кылмыш ишин козгогон. Козголгон кылмыш ишинин алкагында «Аза большой» каймана аттуу 1992-жылы туулган Базар-Коргон районунун тургуну, 1992-жылы туулган Базар-Коргон районунун тургуну, 1988-жылы туулган Лейлек районунун тургуну, Талас районунун тургуну кармалды. Тинтүү жүргүзүү учурунда шектүүлөрдүн биринен тапанча жана бычак табылган. [gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="158796,158797,158798,158799"]