ӨКМ "Орусиянын куткаруучулары 4 жаштагы кызды издеп жатат" деген маалыматты төгүндөдү
Массалык маалыматтар каражаттарына "Орусиялык аскерлер 4 жаштагы көлгө чөккөн кызды куткарууга кошулду" деген маалымат тараган. ӨКМ кызматы аталган маалыматты төгүндөп, СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине төмөнкүлөрдү билдирди.
- Ысык-Көлдө кыз изделип жаткан аймактарга жакын жерде орусиялык аскерлер жүргөндүгү чын. Бирок алар 4 жаштагы кызды куткарууга тартылган эмес. Коомчулукка туура эмес маалымат тарап жатат", - дейт ӨКМнын басма сөз кызматы.
ӨКМ буга чейин 5-августка карата кызды издөө иштерине бир нече аймактан келген куткаруучулар, суучулар, жергиликтүү тургундар жана ыктыярчылар болуп жалпы 32 адам тартылганын маалымдаган.