Ноокенде жол кырсыгынан 3 киши каза болду (сүрөт)
Кечээ, 28-ноябрда саат 01:00 чамасында Ноокен районунун Момбеков айыл аймагынын Кыла айылы аркылуу өтүүчү Бишкек-Ош унаа жолунун 519+855 чакырымында жол кырсыгы катталып, 3 адам каза болду. Маалыматты СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Жалал-Абад облустук жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынан билдиришти.
Маалымата караганда, Бишкек-Ош автоунаа жолунда жол жээгинде токтоп турган оор жүк ташуучу Вольво унаасынын артынан Дэу Нексия унаасы катуу ылдамдыкта келип сүзгөн. Жеңил унаадагы 3 жаран каза болду.
"Азыркы учурда унаалар убактылуу токтотуучу жайына токтотулуп, тийиштүү материалдар даярдалып, жол кырсыгынын келип чыгуу себептери такталып жатат",- дешти.
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="150265,150266,150267"]