Ноокенде 19 жаштагы кызды өлтүрүүгө шектүү өмүр бою эркинен ажыратылды
Өткөн жылдын 8-ноябрь күнү Ноокенде сайдан 19 жаштагы кыздын жансыз денеси табылган. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине кыздын апасы шектүү кармалганын айтып, сот акыйкаттык чечим чыгарып берүүсүн суранган.
- Милицияга Масы айылындагы Алаш сайында кыз кишинин жансыз денеси жаткандыгы кабарланган. Алдын ала текшерүү иштери учурунда кыз киши колдуу болгондугу, маркум Базар-Коргон районунун 19 жаштагы тургуну экени аныкталып, Жазык кодексинин 122-беренесинин негизинде (адам өлтүрүү) кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектелип, буга чейин зордуктоо жана башка беренелер менен бир нече жолу соттолгон, акыркы жолу 2021-жылы баңгизатка байланыштуу кылмыш жоопкерчилигине тартылган Сузак районунун тургуну, 1964-жылы туулган жаран кармалган.