Abank
SerepTV Logo

Нарындагы кафе өрттөндү. Жабыркагандар катталган жок

Нарындагы кафе өрттөндү. Жабыркагандар катталган жок

Нарын облусунун Жумгал районуна караштуу Чаек айылында жайгашкан "Латифа" кафесинен өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Өрттү өчүрүүгө саат 10:17де Жумгал райондук №43 ӨКБдан 2 бөлүм тартылган. Өрт саат 11:35те чектөөгө алынып, 12:05те толугу менен өчүрүлдү. Такталган маалымат боюнча өрт кырсыгынан жабыркагандар жок. Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.