Royal
SerepTV Logo

Нарында миң сомдуктарды алып жаткан жеринен аял киши кармалды

Нарында миң сомдуктарды алып жаткан жеринен аял киши кармалды
Нарын ШИИБдин кызматкерлери тарабынан опузалап талап кылган жаран кармалды. Бул тууралуу Нарын ОИИБден билдиришти. 2012-жылдын февраль айында жаран үч бөлмөлүү батирди 12,5 миң долларга сатып алып, 6 айлык мөөнөткө ишеним кат жазып берип, бирок үй-бүлөлүк шартка байланыштуу өз убагында үйдү өзүнүн атына которо албай калган. Азыркы учурда жаран үйгө кайра ишеним кат жазып берүүнү сураса, коркутуп үйдү сатып сала тургандыгы же болбосо 3 миң доллар берсе кол коюп бере тургандыгын айтып опузалап талап кылып жаткандыгы тууралуу мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранып, 20-февраль күнү арыз менен кайрылган. Аталган факты боюнча кылмыш иши козголгон. Атайын тергөө амалдарынын жүрүшүндө 20-февраль күнү жабырлануучудан 118 миң сом алып жаткан жеринен кылмышка шектүү 1966-жылы туулган Бишкек шаарынын тургуну кармалып, тинтүү учурунда 1000 сомдук купюрадан түзгөн 118 миң сом акча каражаты чыккан. Нарын шаардык соту тарабынан 2 ай үй камак түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тандалган. Учурда тергөө амалдары улантылууда. [gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="165788,165789"]