Нарында 7 жаштагы кызды өлтүрүүгө шектүүнүн үй-бүлөсү айылдан көчүп кеткени маалым болду
28-апрелде Нарындагы Орто-Нура айылында 7 жаштагы кыз киши колдуу болгон. Шектүү катары мас абалындагы 1959-жылы туулган ошол эле айылдын тургуну кармалган.
СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги кыздын атасынын бир тууганы менен байланышканыбызда, шектүүнүн үй-бүлөсү айылдан көчүп кеткени маалым болду. "Шектүү айылдаш болчу, үй-бүлөсү да бар. Биз кызыбызды жерге мурдагы күнү бердик. Жерге берип келгиче туугандары үй-бүлөсүн айылдан көчүрүп кетишти. Каякка көчүрүштү билбейм. Биз шектүүнүн өмүр бою эркинен ажыратылышын талап кылабыз", - деди ал.