Royal
SerepTV Logo

Мурдагы депутат Канат Исаев эмне үчүн камакка алынды? Соттон түшүндүрмө беришти

Мурдагы депутат Канат Исаев эмне үчүн камакка алынды? Соттон түшүндүрмө беришти
Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун 23-октябрындагы токтомуна ылайык, УКМКнын тергөөчүсү Канат Исаевге карата бөгөт коюу чарасын өзгөртүү жөнүндө өтүнүчү канааттандырылган. "2018-жылдын 1-октябрындагы айыпталуучуга карата тандалган эч жакка кетпөө жөнүндө тил кат алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасына өзгөртүлдү жана ал  УКМКнын тергөө изоляторуна 2022-жылдын 23-ноябрына чейин камакка алынды", - деп айтылат маалыматта. Экс-депутат Канат Исаев кечээ, 23-октябрда УКМК тарабынан кармалып, камакка алынган. Биринчи Май райондук сотунда анын бөгөт чарасы каралып, 1 айга камакка алынганын билдиришкен. Саясатчы соцтармактагы баракчасына саясий куугунтук жүрүп жатканын жазды.