Мурдагы депутат Канат Исаев 23-декабрга чейин камакта болот
Бүгүн, 21-ноябрда Биринчи Май райондук соту мурдагы депутат Канат Исаевдин бөгөт чарасын узатты. Ал УКМКнын убактылуу кармоочу жайында 23-декабарга чейин камакта болот.
"Канат Исаевге карата мурда тандалган Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө изоляторуна камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасынын мөөнөтү 23-декабрга чейин узартылды", - деп айтылат соттун маалыматында.