Royal
SerepTV Logo

"Мойнуна бычак сайган". Чүйдө таанышын өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды

"Мойнуна бычак сайган". Чүйдө таанышын өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды

Аламүдүн районунда өзүнүн тааныш адамын өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 15-декабрда милицияга Аламүдүн районунун Лесхоз айылынын тургуну 1978-жылы туулган жарандын бычактан жаракат алган, жансыз денеси табылгандыгы тууралуу билдирүү түшкөн. Аталган факты боюнча адам өлтүрүү беренеси менен кылмыш иши козголгон. Кылмыш ишине шектүү катары 1986-жылы туулган жаран кармалып, ал жабырлануучу менен спирт ичимдиктерин ичип олтуруп, ортодо чыккан чыр-чатактан улам, бычак менен жабырлануучуну моюн тарапка сайып жибергени аныкталган. Тергөө амалдары улантылууда.