Royal
SerepTV Logo

Милициянын унаасынын үстүнө отуруп, жосунсуз жорук кылган жигит саунадагы мушташта кармалды

Милициянын унаасынын үстүнө отуруп, жосунсуз жорук кылган жигит саунадагы мушташта кармалды

Милициянын унаасынын үстүнө отуруп, жосунсуз жорук кылган жигит кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

"Кечээ, 14-ноябрда "102" кызматына чалуу түшкөн. Анда Чүй менен Карпинка көчөлөрүнүн кесилишинде саунада эки кыз урушуп жатканы айтылган. Экөө тең милицияга жеткирилген. Ошонун ичинде 1996-жылы туулган жигит болгон. Ал мурда милициянын унаасынын үстүнө отуруп алган жигит экени аныкталды. Учурда тергөө бөлүмүндө", - дешти. Буга чейин социалдык тармактарда Милициянын кайгуул кызматынын кызматтык унаасынын үстүнө отуруп алган жарандын сүрөт, видеосу тараган. Милиция жигитти издеп жаткан.