"Кемпир-Абад" иши. Кимдер үй камагына чыгып, кимдер камакта калтырылды?
Буга чейин 20дан ашык жарандык активист, саясатчылар, блогерлер жана журналисттер СИЗО-1ге камакка алынган. Алар Кемпир-Абад суу сактагычын Өзбекстанга өткөрүүгө каршы чыгып, андан соң массалык баш аламандык уюштурган деген шек менен милиция кармап кеткен.
Алардын бөгөт чарасы каралып, айрымдары үй камагына чыкса, айрымдары камактагы мөөнөтү узартылды.
Үй камагына чыккандар:
- Орозайым Нарматова;
- Клара Сооронкулова;
- Гүлнара Журабаева;
- Таалайбек Мадеминов;
- Улугбек Маматаев;
- Асия Сасыкбаева;
- Мамбетжунус Абылов;
- Талант Эшалиев;
- Нурлан Асанбеков;
- Перизат Суранова;
- Чыңгыз Капаров.