«Манас» аэропортуна бараткан жолдогу кырсык боюнча кылмыш иши козголду
Чүй ОИИБдин жетекчилиги «Манас» аэропортуна бараткан жолдогу кырсыкта жабыркагандарга барышты. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.
Бүгүн, 24-апрелде Чүй ОИИБдин жетекчилиги №3 балдар ооруканасына барып, жол кырсыкта жабыркагандардан кабар алды. "21-апрелде жол кырсык боюнча кылмыш иши козголгон. Жол кырсыктын кесепетинен 27 окуучу ооруканага жеткирилип, үчөө үйүнө жөнөтүлгөн. 15 окуучу ооруканадан чыгарылган. Калгандары ооруканада. 1 окуучу менен маршрутканын айдоочусу жандандыруу бөлүмүндө. Кылмыш иши боюнча бардык зарыл болгон соттук-укуктук экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө, тактап айтканда, жабырлануучуларды жана мыйзамдуу өкүлдөрүн суракка алуу, айдоочулардын айдоочулук күбөлүктү алуунун мыйзамдуулугу, документтердин жана техникалык талаптарга ылайыктуулугу, унаалардын абалы текшерилип, такталууда. Тергөө уланууда", - дешти.
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="176293,176294,176295,176296,176297,176298"]