Royal
SerepTV Logo

Алымкадыр Бейшеналиевдин кеңешчиси эмнеге акталды. Соттун жообу

Алымкадыр Бейшеналиевдин кеңешчиси эмнеге акталды. Соттун жообу
Буга чейин жактоочу Кайсын Абакиров экс-министр Алымкадыр Бейшеналиевдин кеңешчиси Мээрим Тилекова соттун чечими менен акталганын билдирген. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине маалыматты Ысык-Көл облустук сотунан тастыкташты. "Жети-Өгүз райондук сотунун 4-апрелиндеги өкүмү менен Мээрим Тилекова Жазык кодексинин 337-беренесинин 2-бөлүгү боюнча күнөөсүз деп табылып, анын аракетинде кылмыштын курамы жок болгондуктан акталган", - дешти. УКМК 17-майда Бишкекте министр Алымкадыр Бейшеналиевдин кеңешчиси, 1993-жылы туулган Мээрим Тилекованын жашаган жери аныкталып, Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин (опузалап пара алуу) негизинде тергөөгө чейинки текшерүүнүн материалдарынын алкагында андан аркы тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн Каракол шаарына жеткирилген.